Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту
25 сентябрь

Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Борбор Азия жана Азербайжан боюнча Соода өкүлү Лорд Джон Алдердайс менен жолугушту.

МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы достук мамилелер жана акыркы жылдары байкалган кызматташтыктын активдешүүсүн белгилеп, жогорку деңгээлдеги өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелерине токтолду.

Тараптар экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын келечеги, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, финансы жана билим берүү жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча ишти активдештирүүгө даяр экенин билдиришти.