Парламенттик жарыш – күн тартиби жана медиа таасир үчүн күрөш
Алдыдагы парламенттик кампания Кыргызстандын жаңы саясий тарыхындагы эң бир татаал кампания болгону турат. Себеби жөнөкөй. Салтка айланып калгандай, шайлоо алдында убадаларды болушунча берүү ыкмасы эми иштебейт. Шайлоочулар мектептерди, жолдорду жана социалдык объектилерди мамлекет кураарын так түшүнүп калды. Депутаттарда мындай ыйгарым укук жок.
Бүгүнкү күндө талапкерлер үчүн саясий мейкиндик абдан эле тар. Оппозиционердин ролунда болуу колдоо алып келбейт, анткени, бийликтин рейтинги жогору бойдон калууда. Бирок лоялдуулукту да ачык көрсөтүү талапкерди индивидуалдуулугунан ажыратат. Мындай ураандар баарында бирдей. Анын үстүнө шайлоочулар эгерде өзгөрүүлөр орун алса, көптөгөн саясатчылар риторикасын алмаштыраарын жакшы билишет. Ошондуктан, мындай билдирүүлөргө ишеним өтө аз.
Бүгүн талапкер тандоо алдында калды. Ал бийликти колдогон ураан менен чыкса, көпчүлүктүн арасында көрүнбөй калышы мүмкүн. Же тобокелчиликке барып өзүнүн жеке стратегиясын издеши керек. Бирок кандай болгон учурда да ар бир туура эмес кадам ага кымбатка турат. Алтурмак добуш сатып алууга аракеттенүү жеңишке эмес, кылмыш жоопкерчилигине жеткирет.
Ушундай шартта биринчи планга башка нерсе чыгат. Кампаниянын негизги куралы болуп маалыматты башкаруу жана натыйжалуу коммуникациялык стратегияны куруу саналат. Катуу убада берген адам эмес, маалыматтык күн тартиби, медиа талаасы жана коомдук баяндоо менен иштөөгө жөндөмдүүлөр утат. Мында имидждик технология, репутациялык менеджмент, медиа пландоо жана кризистик коммуникация жардамга келет.
Атаандаштардын алсыз жактарын аныктоо, компроматтык маалыматтарды жарыялоо, медиакейстер жана маалыматтык себептер тактикасы шайлоону жаркыраган саясий шоуга айлантат. Бул жерде эмоцияларга гана эмес, медиаканалдар жана социалдык тармактар аркылуу коомдук кабылдоону башкарууга да басым жасалат.
Бүгүнкү күндө талапкерлер үчүн башкы тапшырма – шайлоочуга жөн гана жагынуу эмес, а катаал атаандаштыктын шартында күчтүү оюнчу образына кирүү. Маанилүү ролду позициялоо, билдирүүлөрдү түзүү, медиатренддер жана максаттуу аудитория менен иштөө ойнойт. Маалыматтык кампанияны туура куруп, PR жана стратегиялык коммуникация куралдарын колдонгондор алдыңкы орундарды ээлөөгө мүмкүнчүлүк алышат. Андан тышкары, алар өлкөнүн жаңы саясий конфигурациясында өз ысымдарын бекемдешет.
