Импорттук көз карандылык бааны жогорулатат: Кыргызстан кантип өзүн азык-түлук менен камсыздашы керек
Бүгүнкү күндө Кыргызстан керектөөчү азык-түлүктүн 60–65 пайызын импорттойт. Ушундан улам биздин өлкө тышкы камсыздоого көз каранды бойдон калууда, ал эми дүйнөлүк рыноктогу ар кандай өзгөрүүлөр ички бааларга түздөн-түз таасирин тийгизет. Менимче, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо импортко болгон контролду күчөтүү аздык кылат. Биз өз өндүрүмүбүздү көбөйтүп, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүп, органикалык айыл чарбаны кеңейтип жана заманбап агротехнологияларды киргизишибиз керек. Ушул жол менен гана Кыргызстан калкты сапаттуу, коопсуз жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кыла алат.
Импорттук азык-түлүктөргө көзөмөлдү күчөтүү зарыл
Анткени биз азык-түлүктүн көп бөлүгүн чет өлкөдөн ташып келебиз, ошондуктан импорттук продукцияга көзөмөл өтө катуу болушу керек. Болбосо, өлкөгө сапатсыз же мөөнөтү өтүп кеткен товарлар кирип кетүү коркунучу чоң.
Айрыкча фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдү күчөтүү маанилүү. Кыргызстанга келген ар бир азык-түлүк белгиленген коопсуздук талаптарына толугу менен жооп бериши керек. Азык-түлүк коопсуздугу калктын саламаттыгы менен түздөн-түз байланыштуу, андыктан бул маселеге формалдуу мамиле кылууга болбойт.
Мыйзамдарга ылайык, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жооптуу негизги мамлекеттик орган Айыл чарба министрлиги болуп саналат. Мен бул министрлик түшүндүрүү иштерин активдештирип, калкка азык-түлүктүн сапаты жана коопсуздугу тууралуу ачык жана түшүнүктүү маалыматты үзгүлтүксүз бериши керек деп эсептейм. Айрыкча жаштардын маалымдуулугун жогорулатуу маанилүү.
Пестициддерди колдонууну акырындык менен азайтуу керек
Биз мүмкүн болушунча отоо чөптөр жана зыянкечтерге каршы колдонулган уулуу химиялык заттарды азайтышыбыз керек. Албетте, мындай каражаттардын натыйжасы жакшы, түшүмдү коргоого жардам берет. Бирок алардын калдыктары жемиштерде, жашылчаларда жана башка айыл чарба продукцияларында сакталып, андан кийин адамдын организмине кирип кетиши мүмкүн. Бул ден соолукка олуттуу зыян келтириши ыктымал.
Ошондуктан биз акырындык менен өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык ыкмаларына өтүүгө тийишпиз. Окумуштуулар зыянкечтер менен күрөшүүнүн табигый жолдорун активдүү иштеп чыгып, киргизиши керек.
Ошол эле учурда, алмаштырып айдоо тутумун кеңири колдонуу зарыл. Бүгүнкү күндө көптөгөн чарбаларда бир эле аянтта жылдан жылга бир эле өсүмдүк өстүрүлөт. Натыйжада топурак сарпталат, ал эми зыянкечтердин жана оорулардын саны көбөйөт.
Мисалы, буудайдан кийин кант кызылчасын эгсеңиз, буудай талааларына мүнөздүү отоо чөптөр табигый жол менен жоголот. Көп жылдык тоют өсүмдүктөрү, өз кезегинде, кант кызылчасынын ооруларынын жайылышын азайтууга жардам берет.
Ошентип, алмаштырып айдоо топурактын түшүмдүүлүгүн сактоого жана оорулар менен зыянкечтердин санын табигый жол менен азайтууга мүмкүндүк берет. Бул туруктуу айыл чарбасынын маанилүү элементтеринин бири болуп саналат, ал эми Кыргызстанда ага азырынча жетиштүү көңүл бурулбай жатат.
Буудай импортуна көз карандылык коркунуч жаратат
Кыргызстан буудайдын белгилүү бир бөлүгүн Казакстан менен Россиядан сатып алууда. Мындай көз карандылыкты мен кооптуу жана туура эмес деп эсептейм.
Коңшу өлкөлөрдө кургакчылык болуп кетсе же экспортко чектөө киргизилсе, Кыргызстан оор абалга туш болушу мүмкүн. Ошондуктан нан коопсуздугун өзүбүз камсыз кылышыбыз керек.
Бизде "Асыл", "Кыял", "Аракет" жана "Касиет" сыяктуу жогорку түшүмдүү буудай сорттору бар. Кыргызстанда арпанын да жакшы сорттору бар. Бул сортторду кеңири пайдаланып, заманбап агротехнологияларды киргизсек, өлкө өзүн дан менен толук камсыз кыла алат.
Бул үчүн сапаттуу үрөн өндүрүүнү жолго коюу, фермерлерди техника, жер семирткичтер жана жеткиликтүү каржылоо менен камсыз кылуу, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн заманбап ыкмаларын киргизүү зарыл.
Минералдык жер семирткичтерди уулуу химикаттар менен чаташтырбоо керек
Коомдо минералдык жер семирткичтер жөнүндө туура эмес пикир бар. Айрым адамдар аларды уулуу химиялык заттар менен чаташтырышат.
Чындыгында, минералдык жер семирткичтер өсүмдүктөр үчүн зарыл болгон жаратылыш элементтерин камтыйт. Азот, фосфор жана калий жаратылыш кендеринен алынат. Бул элементтерсиз жогорку түшүм алуу мүмкүн эмес.
Ошол эле учурда, органикалык жер семирткичтерди да кеңири колдонуу зарыл. Мисалы, кыкты чийки түрүндө топуракка кошуунун кажети жок. Аны болжол менен бир жылдай чиритип, андан кийин гана талааларга колдонсо, топурактын түшүмдүүлүгү жакшырат.
Менин оюмча, минералдык жана органикалык жер семирткичтерди туура, белгиленген ченемдерди сактоо менен жана топурактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен колдонуу керек. Мындай мамиле гана айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирбестен, түшүмдүүлүктү жогорулатат.
Баалардын өсүшүнүн негизги себеби – импортко көз карандуулук
Азыркы азык-түлүктөрдүн кымбаттыгынын негизги себеби – Кыргызстандын импортко өтө көз карандуулугу. Азык-түлүктөр миңдеген километр алыстан ташылат. Анын баасына транспорттук чыгымдар, бажы төлөмдөрү жана ортомчулардын үстөк акысы кошулат. Натыйжада, калк кымбат баада азык-түлүк сатып алууга аргасыз болот.
Бааларды арзандатуунун жалгыз жолу – өз өндүрүмүбүздү көбөйтүү деп ишенем.
Акыркы жылдары бул багытта оң жылыштар болду. Мурда Кыргызстан өзүн үч гана негизги азык-түлүк менен камсыз кылчу, азыр алардын саны алтыга жетти. Бирок буудай, өсүмдүк майы жана кээ бир мөмө-жемиштер менен жашылчалар боюнча биз дагы эле импортко көз карандыбыз.
Өлкө ички республикада көбүрөөк азык-түлүк өндүрө баштамайынча, дүйнөлүк баалар, күйүүчү майдын баасы, транспорттук чыгымдар жана валютанын өзгөрүлүшү ички рыноктогу азык-түлүктүн баасына таасирин тийгизе берет.
Түшүмдү өстүрүүнү эле эмес, сактоону да билүү керек
Өндүрүмдүн көлөмүн көбөйтүү жетишсиз. Айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү маселелерин чечишибиз керек.
Бүгүнкү күндө өстүрүлгөн түшүмдүн бир бөлүгү кайра иштетүүчү ишканалардын, заманбап кампалардын жана жакшы уюштурулган логистиканын жоктугунан текке кетип жатат. Мисалы, Ысык-Көл жана Баткен облустарында жыл сайын миңдеген тонна өрүк кайра иштетилбей чирип кетет.
Фермерлер продукцияны өстүрүүгө күч-кубатын жана каражатын жумшашат, бирок аны дайыма эле өз убагында сата же сактай алышпайт. Натыйжада, алардын эмгеги текке кетип, өлкө өзү өндүрө алган товарларды импорттоону улантууда.
Эгерде кайра иштетүүчү ишканалардын санын көбөйтүп, шире чыгаруучу заводдорду ачып, логистикалык борборлорду жана заманбап муздаткыч кампаларды кура турган болсок, айыл чарба продукциясы текке кетпейт.
Кайра иштетүү түшүмдүн сактоо мөөнөтүн узартып, жаңы жумуш орундарын түзүп, продукциянын кошумча наркын жогорулатат. Кыргызстан чийки затты сатуунун ордуна ширелерди, кургатылган жемиштерди, консерваларды жана башка даяр товарларды чыгара алат.
Төрт-беш жылдын ичинде Кыргызстан импортту кыйла азайта алат
Инвестицияларды тартып, айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүү системасын өнүктүрүү менен Кыргызстан жакынкы төрт-беш жылдын ичинде дээрлик бардык негизги азык-түлүк түрлөрү менен өзүн камсыз кыла алат деп эсептейм.
Бул үчүн ырааттуу мамлекеттик саясат керек. Инвесторлор үчүн кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду жана муздаткыч кампаларды курууга шарт түзүү зарыл. Фермерлер каржылоого, сапаттуу үрөнгө, заманбап техникага жана жаңы технологияларга жеткиликтүүлүккө ээ болушу керек.
Эгерде биз өз өндүрүшүбүздү көбөйтсөк, ички баалар азыркыдай кескин өзгөрбөйт. Өлкө дүйнөлүк рыноктордогу кырдаалдан жана азык-түлүк импорттогон мамлекеттердин чечимдеринен азыраак көз каранды болот.
Кыргызстанга органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү зарыл
Органикалык айыл чарбасына өзгөчө көңүл буруу керек. Дүйнө жүзү боюнча органикалык продукция кадимки азык-түлүктөргө караганда кыйла кымбат сатылат. Таза экологиянын аркасында Кыргызстан бул багытты өнүктүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Биз экологиялык таза айыл чарба продукциясын ички рынок үчүн гана эмес, экспорт үчүн да өндүрө алабыз. Бирок бул үчүн эл аралык стандарттарды сактоо, сертификациялоо системасын киргизүү жана өндүрүштүн бардык этаптарында сапатты контролдоону камсыз кылуу зарыл.
Кыргызстан биогумус өндүрүү боюнча да олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Анын колдонулушу топурактын түзүлүшүн жакшыртууга, анын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жана химиялык каражаттарга болгон көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет.
Эгерде биз органикалык өндүрүштү кеңейтип, кайра иштетүүнү өнүктүрүп, заманбап сактоо инфраструктурасын түзсөк, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу кыйла бекемделет. Калк сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүккө, фермерлер туруктуу сатуу рыногуна ээ болот, ал эми мамлекет импорттук көз карандылыкты азайта алат.
Азык-түлүк коопсуздугу – бул текчелердеги азык-түлүктөрдүн гана болушу эмес. Бул өлкөнүн негизги азык-түлүктөрдү өз алдынча өндүрүү, алардын сапатын көзөмөлдөө, түшүмдү сактоо, айыл чарба сырьёсун кайра иштетүү жана калкы үчүн жеткиликтүү бааларды кармап туруу жөндөмдүүлүгү.
Ошондуктан Кыргызстан үчүн туруктуу жалгыз жол – бул өзүбүздүн өндүрүштү көбөйтүү, кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана толук кандуу айыл чарба инфраструктурасын түзүү.
