Ысык-Көлдө $30 миң опузалап талап кылууга шектелген эки жаран кармалды
КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында опузалап акча талап кылууга шектелген эки жаран кармалды.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө айрым кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп алып, жарандардан опузалап акча талап кылып жүргөн адамдар тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери аныкталып, кылмыш иши козголгон.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка тиешеси бар адамдар өз ара сүйлөшүп алып, Ананьево айылынын аймагындагы 10 гектар жер тилкесин конкурс аркылуу пайдаланууга мыйзамдуу түрдө жеңүүчү болгон жарандан акча талап кылышкан.
Тактап айтканда, токой чарбасы тарабынан тиешелүү келишимди атайылап түзбөй, жеке кызыкчылыктарын көздөп, жабырлануучудан 30 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан.
Белгилей кетсек, Ананьево айылынын аймагындагы 10 гектар жер тилкесин пайдаланууга берүү боюнча конкурс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-апрелиндеги №192 «Мамлекеттик токой фондун пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген тартиптин негизинде уюштурулган.
Атайын тергөө аракеттеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Ысык-Көл райондук токой чарбасынын токой чарба инженери 1979-жылы туулган Т.Б. жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 1969-жылы туулган К.Д. жабырлануучудан 30 миң АКШ долларын опузалап талап кылып жаткан жеринен кармалып, Тергөө кызматына жеткирлген. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сот тарабынан аларга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.
Учурда тергөө иш-амалдары уланууда.
