Кыргызстанда балдарга сөөк чучугун трансплантациялоо үчүн толук кандуу инфраструктура түзүлүүдө
2026-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө барып, анда «Ас-Сафа» коомдук кайрымдуулук фонду трансплантациялык жардамды өнүктүрүү үчүн борборго заманбап медициналык жабдууларды тапшырды.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жалпы баасы 24 миллион сомдон ашкан аферез аппараты жана экстракорпоралдык фотоферез (ECP) системасы берилди. Жаңы жабдуулар оор онкологиялык жана гематологиялык ооруларга чалдыккан балдарды дарылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзүп, Кыргызстанда гемопоэздик өзөк клеткаларын трансплантациялоо программасын өнүктүрүүдө пайдаланылат.
Иш сапарынын жүрүшүндө министр «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондуна жана балдар онкологиясы менен трансплантациялык программаны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп жаткан бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.
«Балдар онкологиясын, гематологиясын жана трансплантациялык жардамды өнүктүрүү саламаттык сактоо системасынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Бүгүн биз дарыгерлерибиз үчүн да, эң башкысы бейтаптарыбыз үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн жабдууларды алып жатабыз. Биздин негизги милдет – балдардын үй-бүлөсүнөн алыс кетпестен, Кыргызстанда жогорку технологиялуу дарылоону алуусуна шарт түзүү», – деди саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.
Балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбековдун айтымында, мындан бир нече жыл мурда Кыргызстанда сөөк чучугун трансплантациялоо дээрлик мүмкүн эмес көрүнгөн. Үч жыл мурда бөлүмдүн адистери Түркиянын Малатья шаарында окуудан өтүшкөн. Ал эми андан мурунку жылы Кыргызстанда биринчи жолу автологиялык сөөк чучугун трансплантациялоо ийгиликтүү жүргүзүлгөн.
«Мурда трансплантация жөнүндө кыялданууга да мүмкүн эмес болчу. Бүгүнкү күндө биз бардык керектүү шарттарды дээрлик түзүп бүттүк жана сөөк чучугун трансплантациялоону туруктуу негизде жүргүзүүнүн алдында турабыз», – деп белгиледи Султан Стамбеков.
Анын айтымында, жыл сайын гемопоэздик өзөк клеткаларын трансплантациялоого болжол менен 20–30 бала жана 90го жакын чоң адам муктаж болот. Ошол эле учурда чет өлкөдө бир трансплантациянын баасы 100 миң АКШ долларына чейин жетиши мүмкүн.
Бөлүмдүн бейтаптарынын бири – 9 жаштагы Салахидин 2022-жылдан бери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун адистеринин көзөмөлүндө. Жакында ага жаңы жабдуунун жардамы менен өзөк клеткалары алынган.
Жакынкы күндөрү балага автологиялык сөөк чучугун трансплантациялоо жүргүзүлөт. Бүгүнкү иш сапарынын жүрүшүндө министр Салахидин жана анын атасы менен жолугуп, балага ийгиликтүү дарыланууну жана тезирээк сакайып кетүүнү каалады.
Ошол эле учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда сөөк чучугун трансплантациялоо үчүн адистештирилген блокту оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Бул максатка мамлекеттик бюджеттен 17 миллион сом бөлүнгөн. Блокто трансплантациядан кийинки бейтаптарды дарылоо үчүн бардык зарыл шарттар, анын ичинде HEPA-фильтрлери аркылуу абаны күнү-түнү чыпкалоо системасы каралган. Оңдоо иштерин жакынкы 2–3 жуманын ичинде бүтүрүү пландалууда.
Мындан тышкары, борбордо KFS Food Dream демөөрчүлөрү тарабынан берилген атайын муздаткыч жабдуулар да бар.
Борборго тапшырылган аферез аппараты автологиялык жана аллогендик трансплантация жүргүзүүдө колдонулуучу гемопоэздик өзөк клеткаларын чогултуу үчүн арналган. Ал эми экстракорпоралдык фотоферез системасы трансплантациядан кийинки оор татаалдашууларды, анын ичинде «трансплантат кожоюнга каршы» реакциясын (GVHD) дарылоодо колдонулуучу адистештирилген иммуномодуляциялык терапия үчүн пайдаланылат.
Ошентип, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда өзөк клеткаларын чогултуудан жана сактоодон тартып трансплантация жүргүзүүгө жана мүмкүн болгон татаалдашууларды дарылоого чейин трансплантациялык дарылоону камсыз кылган зарыл инфраструктура калыптанууда.
