Ысык-Көлдө 30 миң АКШ долларын опузалап талап кылууга шектелген эки жаран кармалды
11 август

Ысык-Көлдө 30 миң АКШ долларын опузалап талап кылууга шектелген эки жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында опузалап акча талап кылууга шектелген эки жаран кармалды.

Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө айрым кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп алып, жарандардан опузалап акча талап кылып жүргөн адамдар тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери аныкталып, кылмыш иши козголгон.