Бишкекте эки жүргүнчү орун талашып чачташа кетишкен
Бишкекте коомдук транспортта эки жүргүнчү аялдын ортосунда болгон чырдан кийин милиция текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Окуя Жибек Жолу проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Милициянын маалыматына караганда, 102 кызматына автобустун салонунда эки аялдын ортосунда чыр чыгып, анын жүрүшүндө күч колдонулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Милиция бөлүмүнө 1963 жана 1992-жылы туулган эки аял жеткирилген.
Аялдардын бирине карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын корутундусу алынгандан жана текшерүү иштери аяктагандан кийин процессуалдык чечим кабыл алынат.
Социалдык тармактарда чыр №2 троллейбуста болуп, орун талаштан улам чыккандыгы тууралуу маалымат тараган. Жарыяланган маалыматка ылайык, улгайган жүргүнчү кыздан орун бошотуп берүүнү суранган. Кыз ордунан турганы менен, кийин эки аялдын ортосунда сөз талаш чыгып, ал мушташка айланган.
Ким биринчи болуп күч колдонгону азырынча расмий аныктала элек. Милиция текшерүү иштерин улантууда.
