Кыргызстанда биринчи музейдин 100 жылдыгына арналган почта маркаларынын сериясы чыгарылды
Бишкек шаарындагы М.В. Фрунзе атындагы Мемориалдык үй-музейинде 11-августта Кыргызстандын алгачкы музейинин 100 жылдыгына арналган юбилейлик почта маркаларынын сериясын таанытуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирет.
Иш-чарага М.В. Фрунзе атындагы Мемориалдык үй-музейинин директору К.М. Амакучуков, «Кыргыз почтасы» ААКсынын башкы директорунун орун басары Масиянова Уулжан жана «Кыргыз почтасы» ААКсынын Методология бөлүмүнүн башчысы Орозбекова Дамира катышып, сөз сүйлөштү.
Юбилейлик серия М.В. Фрунзе атындагы Мемориалдык үй-музейинин буюртмасы боюнча «Кыргыз почтасы» ААКсы тарабынан даярдалып, 2026-жылы жүгүртүүгө чыгарылды.
Мындан 100 жыл мурун, 1925-жылдын 9-декабрында Кыргыз автономиялуу облусунун Советтеринин Борбордук аткаруу комитетинин Президиумунун №77 протоколдук токтому менен көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана аскер башчы М.Фрунзенин элесин түбөлүккө калтыруу максатында мемориалдык музей түзүлгөн.
Юбилейлик серия тогуз почта маркасынан турат. Маркалардын көркөм жасалгасында М.Фрунзенин өмүрүнүн ар кайсы мезгилиндеги портреттери, музейдин тарыхый имараты, ошол доордун символдору жана М.Фрунзенин инсандыгы менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый өнүгүүсүнүн байланышын чагылдырган образдар камтылган.
