1 январь

Гаджеттерден кантип коргонуп, көзүбүздүн көрүүсүн сактап калабыз? 

Көз – жаратылыштын эң бир баалуу белеги, бирок көзүбүздүн көрүүсү санариптик технология өнүккөн жана гаджеттерди колдонуу көбөйгөн сайын начарлап баратканы эч кимге жашыруун эмес.  

Маалым болгондой, гаджеттен көздүн курчтугу мокоп, кан тамырлар жарылып, кургак көз синдрому башталат. Көздүн айнек сымал карегинин көп бөлүгү суудан тургандыктан анын жетишсиздиги көрүүнүн курчтугуна таасир этери белгилүү. 

Азыр улуулардын көбү, ал турмак жаш балдар дагы көз айнек тагып калышты. Гаджетсиз, телефонсуз, планшетсиз, компьютерсиз жашоо бүгүнкү күндө жок болсо дагы, аны убакыт-сааты менен колдонуш керек. Балдарга 7-8 жаштан баштап гаджет колдонууга болот. Мектепке чейинки балдар жаш курагына ылайык, күнүнө 20 мүнөттөн ашык кароого болбойт. Эгер бала чырдап, сүйүктүү мультфильмин аягына чыгарууну каалап жатса, анда арасында 1-2 саат тыныгуу кылган оң. Бардык балдарда алысты жакшы көрө албоо (плюс) нормалдуу көрүнүш, ошондуктан аларга  жакын аралыктан бир нерсени узакка кароого болбойт. А биз болсо балдар төрөлгөндөн тартып эле телефон менен алдап, сооротууга көнүп алдык. Анын айынан көз чоюлуп, чыңалып, жакынды көрүүдө маселе жаралып баштайт (минус). Ошентип, балдардагы плюс минуска айланат. 

Кургак көз синдрому болбошу үчүн улууларга күнүнө 2-3 жолу атайын каражаттар менен көздү нымдаштырып туруу сунушталат. Таза абада сөзсүз түрдө күнүнө эки сааттан сейилдөө керек. Анда биз бир убакта алысты да, жакынды да карайбыз, бул чарчоону таратып, көз булчуңдарын бошотот. 
Улуулар жана балдар сөзсүз түрдө жылына бир жолу адистердин текшерүүсүнөн өтүшү керек.  Окуучулар жаңы окуу жылы башталаар алдында өткөнү жакшы. Анткени балдарда жашыруун гиперметропия, а улууларда миопия, глаукома болушу мүмкүн. Көпчүлүк оорулар белгилерсиз өөрчүп жүрүп отургандыктан адистердин текшерүүсүнөн өтүп туруу зарыл. 

Нурзат Калдыбаева
Нурзат Калдыбаева "ЮРФА" медициналык борборунун офтальмологу