Кыргызстан ЖККУга катышуу менен чек арасын терроризмден коргойт
Жакында Кыргызстандын аймагында, Ысык-Көлдө ЖККУнун “Өз ара аракеттенүү-2024” машыгуулары өттү. “Поиск-2024” атайын чалгындоо машыгуусу жана “Эшелон-2024” атайын машыгуусунун жүрүшүндө шарттуу каршылаштын басып киришине жол бербөө үчүн аскердик маневрлер аткарылды.
ЖККУнун алкагында калуу жана ушул сыяктуу машыгууларына катышуу Кыргызстан үчүн коопсуздукту камсыздоо жаатында өтө маанилүү деп ойлойм.
Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн бул биримдиги бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмү үчүн дагы чоң мааниге ээ. Анткени көзөмөлсүз террордук топтор Афганистандын түндүгүндө топтолуп, Борбор Азияга жана Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна кол салууга атайын даярданууда.
Кыргызстан бир эле мезгилде Борбордук Азия республикалары менен Азербайжан үчүн «Бирлестик» машыгууларына жана ЖККУнун машыгууларына катышып, өзүнүн да, постсоветтик Орто Азиянын түштүк чек араларын да ишенимдүү коргоону жаратууда.
Тилекке каршы акыркы убакта ЖККУнун рейтинги Армения мүчө өлкө болуп туруп, Уюмдун ишмердүүлүгүнө катышпай жатканына байланыштуу түшүүдө. Аталган өлкө ЖККУнун курамынан чыккан жок, бирок пассивдүү позицияны карманып жатат. Ошондой эле Россия-Украина аскердик операциясы, андан тышкары ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Кавказдагы жаңжалдарга катышпаганы Уюмдун имиджине из калтырууда.
Бирок мен ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскер контингенттери бул процесстерге катышпаганын туура деп эсептейм. Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна кирген өлкөлөр биринчи кезекте Афганистанда топтолгон көзөмөлсүз террордук топтор тарабынан болчу агрессиянын мизин кайтарууга көңүл бурушу керек.
