13 март

“Социалдык контракт” 3 жылдын ичинде 35 226 үй-бүлөнү камтыды

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен 2022-жылдан тартып, мамлекетибиздин артыкчылыктуу багыты болгон жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук абалдан чыгаруу үчүн жигердүү кадамдарды жасоого, турмуш-шартын жакшыртууга, ошондой эле алардын өз алдынча иш менен камсыз болушу үчүн шарттарды түзүү максатында Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү долбоору ийгиликтүү ишке ашып жатат.

2024-жылы  каралган 23 000 үй-бүлөдөн 22 426 үй-бүлө социалдык контрактка камтылды жана анын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алгандар 18 542 (83%), жакыр үй-бүлөлөрдүн саны - 3 884 (17%) түздү, калган 574 үй-бүлө социалдык контракт алгандан ар кандай себептер  менен баш тарткандар болду.

Социалдык контракт жобосуна ылайык 3 жылга түзүлөт. Үч жылдын ичинде социалдык контракт 35 226 үй-бүлөнү камтып, алардын бизнес-программалары төмөнкү багыттарда ишке ашырылган: 73,3% - айыл чарба; 13,8% - өндүрүш;  6,7% - соода-сатык жана 6,2% - кызмат көрсөтүү тармактарында.

“Социалдык контракт” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө  94,2%ын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түздү, 43,0 миңге жакын кошумча жумуш орундары түзүлүп, республика боюнча 190,0 миңден ашык адамдын жашоо-шарты жакшырууда.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин   2024-жылдын 12-апрелиндеги  тескемесине    ылайык 2024-жылы 20 000  үй-бүлөгө социалдык контракттын негизинде социалдык жардамды берүүгө 2 070 300 000 (эки миллиард жетимиш миллион үч жүз миң) сом бөлүнгөн. Бул буйрукка ылайык 20 000   жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде социалдык жардамдын   санын аймактык башкармалыктарга бөлүштүрүү тизмеси бекитилген.

Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен социалдык контракт кошумча 3 000 үй-бүлөгө берилди. Жалпысынан 2024-жылы 23 000 үй-бүлөгө социалдык контракт берүү пландалган.

Тактап айтсам, 2024-жылдын жыйынтыгы менен 22 426 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдү. Бул 97,5 пайызга барабар.

Бул боюнча биз такай анализ жасап турабыз. Ал мындай:

 -16 696 долбоор же 74,4% - айыл чарба тармагында, булар мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, балчылык, күнөскана, канаттуулар чарбасы.

- 2 807 долбоор же 12,5% - өндүрүш тармагындагыларга берилди, анын ичинде тигүүчүлүк, темир-бетон жыгач эмерек буюмдарын жана терезелерди чыгаруу, самын жасоо, кичи тегирмен, биологиялык жер семирткичтер, тамак-аш тармагы боюнча- навайкана, кондитердик, жемиштерди кургатуу цехтерине берилди.

- 1361 долбоор же 6,1% – кызматтарды көрсөтүү тармагында, анын ичинде  коомдук тамактануу жана такси кызматтары, курулуш, монтаждоо жана турмуш-тиричилик кызматтары, курулуш шаймандарын ижарага берүү, сулуулук салондорун иштеткендер алышты. Ошондой эле, автодиагностикалык борборлор, унаа оңдоо, унаа жуучу, вулканизация, мончо,  массаж, бала бакча, авиакасса иштетүү үчүн алгандар болду.

- 1562 долбоор же 7,0% – соода-сатык тармагында, азык-түлүк дүкөндөрү, майда соода  кийим,  кеңсе товарларын сатуу, онлайн сатуу боюнча алышкандар.

Ал эми, 574 квотаны (2,5%) жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн каалоосу жок болгондугуна байланыштуу аткаруу мүмкүн болгон жок. Айталык, Сузак району боюнча 522 квота, Ош шаары боюнча 33 квота жана Таш-Көмүр шаары 19 квота аткарылбай калды. 

Социалдык контракт менен камтылган 22 426 үй-бүлөнүн ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алгандар 18 542 (83%), жакыр үй-бүлөлөрдүн саны - 3 884 (17%) түздү.

Бул долбоорду  ишке ашыруунун жүрүшүндө  20 904 (92,6%) негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түздү, 23,0 миңден ашык кошумча жумуш орундары түзүлүп, республика боюнча 93,0 миңден ашык адамдын жашоо шарты жакшырууда.

Мониторингдин жыйынтыгы менен 22 426 үй-бүлөдөн 11 үй-бүлө ар кандай себептерден улам социалдык контрактты ишке ашыра алышкан жок. Бул эми анча көп эмес, 0,05% түзөт. Албетте,форс-мажордук жагдайлардын натыйжасында активдер жоголгон, социалдык контракттан өз ыктыяры менен баш тартып, каражатты кайтарып беришкен .

Мухтарбек Баймурзаев
Мухтарбек Баймурзаев Эмгек, социалдык камсыздоо жанга миграция министринин биринчи орун басары