Эт жана майга болгон баалар өскөн. Айыл чарба министрлиги бааларга салыштырмалуу мониторинг жүргүздү
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өткөн жумага карата Россия, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөр менен Кыргызстандагы азык-түлүк азыктарына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кум шекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон бааларга салыштырмалуу мониторинг жүргүздү.
Мониторингдин жыйынтыгында, Кыргызстанда өсүмдүк майы 0,4 %, пастерленген сүт 0,1%, уй эти 0,2 %, кой эти 0,1 %, сабиз 0,8 %, пияз 0,4 % жогоруласа, жумуртка 1,9 % төмөндөгөн.
Казакстанда 1-сорттогу буудай уну 0,7 %, өсүмдүк майы 0,2 %, уй эти 0,2 %, кой эти 0,2 %, кумшекер 0,5 %, картошка 0,3 %, пияз 0,5 % жогоруласа, пастерленген сүт 1,3 % төмөндөгөнү байкалган.
Россияда кумшекер 1 %, сабиз 1,3 % төмөндөсө, уй эти 0,2 %, кой эти 0,4 %, пияз 5,8 % жогорулаганы аныкталды.
