Кыргызстанда кайсы тармактарда жана эмгек акы канчага жогорулады?
19 ноябрь

Кыргызстанда кайсы тармактарда жана эмгек акы канчага жогорулады?

Бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2024-жылдын январь-сентябрь айларында 35 791 сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,8 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 6,7 %га өстү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлиги билдирди.

2024-жылдын январь-сентябрында 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырганда номиналдык эсептелген орточо айлык эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы экономикалык ишмердиктин бардык түрдөгү ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Алардын эң олуттуу жогорулашы:

  • дүң жана чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо – 30,3 %га,
  • курулуш – 27,2 %га,
  • башка тейлөө ишмердиги – 26,4 %га,
  • кыймылсыз мүлк операциялары – 23,3 %га,
  • суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу - 22,7 %га,
  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик – 22,0 %га,
  • пайдалуу кендерди казуу – 21,8 %га,
  • финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу – 21,6 %га,
  • транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо – 15,8 %га,
  • административдик жана көмөкчү ишмердик – 14,4 %га,
  • ошондой эле иштетүү өндүрүшү  (иштетүү өнөр жайы) чөйрөлөрүндө – 12,8 %га байкалды.