Кыргызстан менен Индонезия соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берүүнү талкуулашты
Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн, 2-оюлда Индонезиянын тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Анис Матта менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Султан Ахматов учурда Евразия экономикалык бирлиги жана анын мүчө мамлекеттери менен Индонезия Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашуу КР Жогорку Кеңешинин кароосунда экендигин белгиледи.
«Индонезия Түштүк-Чыгыш Азиядагы Кыргыз Республикасынын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Биз эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кызыкдарбыз. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташуунун потенциалы азыркы товар жүгүртүүнүн көлөмүнөн кыйла жогору. Биздин негизги максатыбыз – соода-экономикалык мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу. Халал-индустрияны, тигүү өнөр жайын жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп жатабыз», – деди Султан Ахматов.
Ошондой эле министрдин орун басары Индонезия тарапка Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар тууралуу маалымат берип, өлкө экономикасынын акыркы төрт жылдагы туруктуу өсүү темптерине токтолду.
Өз кезегинде Индонезия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Мухаммад Анис Матта Индонезия Кыргызстанды Борбор Азиядагы келечектүү өнөктөш катары карай турганын белгиледи.
«Мен Кыргызстанга экинчи жолу келип жатам. Бул аралыкта өлкө кыйла өзгөргөнүн көрдүм. Бүгүнкү күндө биз экономиканын туруктуу өсүшүн, заманбап инфраструктуранын жана жаңы объектилердин кеңири курулуп жатканын, шаарлардын активдүү өнүгүүсүн байкап жатабыз. Мунун баары өлкө экономикасындагы оң өзгөрүүлөрдүн айкын көрсөткүчү болуп саналат. Кыргызстан жетишкен ийгиликтерди жогору баалайбыз», – деди ал.
Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы байланыштарды активдештирүү зарыл. Ушуга байланыштуу Индонезия тарап Кыргыз-Индонезия бизнес-форумун өткөрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.
Өз кезегинде Султан Ахматов кыргыз тарап Кыргыз-Индонезиянын экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин кайра жандандырууга кызыкдар экендигин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-индонезиялык мамилелерге жаңы дем берүү жана бардык келечектүү багыттар боюнча өз ара кызматташууну активдештирүү боюнча өз ара даяр экендиктерин ырасташты.
