Кыргызстан менен Монголия айыл чарба продукцияларынын экспортун кеңейтүү маселелерин талкуулашты
Кыргызстан менен Монголия ата мекендик жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголиянын рыногуна экспорттоону кеңейтүү, ошондой эле мал чарбачылыгы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Күн мурун, 14-октябрында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал менен жолугушту.
Тараптар айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана айыл чарба продукцияларынын өз ара соодасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жолугушууда кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын Монголиянын рыногуна чыгаруу, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүү жана өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү маселелерине көңүл бурулду.
Ошондой эле мал чарба продукциялары менен соода жүргүзүүнүн келечеги каралып, ветеринардык-санитардык талаптарды эске алуу менен кызматташуунун тиешелүү багыттарын мындан ары иштеп чыгуу зарылдыгы белгиленди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-монгол кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө, ата мекендик айыл чарба продукцияларынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого кызыкдар экендиктерин билдиришти.
