ЕАЭБдин реестри Кыргызстандын 66 ишканасы менен толукталды
15 октябрь

ЕАЭБдин реестри Кыргызстандын 66 ишканасы менен толукталды

Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине 2024-жылдын 9 айында Кыргызстандан 66 ишкана киргизилди, жалпысынан 420 ишкананы түздү.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • сүт азыктарын өндүрүү – 44;
  • бал өндүрүү жана сатуу – 68;
  • балык өстүрүү, кайра иштетүү – 44;
  • эт азыктарын өндүрүү – 21;
  • улуттук сүт азыктарын өндүрүү – 3;
  • мал союучу ишканалар – 11;
  • тирүү малды өстүрүү,
  • көбөйтүү жана сатуу – 35;
  • канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар – 10;
  • жаныбарлар үчүн тоют өндүрүү – 23;
  • жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу – 166;
  • жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштетүү (ичеги, жүн, тери) – 14;
  • ветеринардык препараттарды сактоо жана сатуу –1.

Ошондой эле, Кытайдын Реестринде- 24 ишкана (13 сүт азыктары, 11 аарычылык), Өзбекстандын Реестринде – 45 ишкана (18 сүт азыктары, 9 эт азыктары, 10 аарычылык, 8 балык азыктары), Түркиянын Реестринде – 12 ишкана кирген.