МСКнын семинары: Укук бузуулар жөнүндө кодекс жана "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасы
18 апрель

МСКнын семинары: Укук бузуулар жөнүндө кодекс жана "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасы

Мамлекеттик салык кызматы Салык кызматынын аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерин, ошондой эле "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасынын модулун жүргүзүү эрежелерин колдонуу маселелери боюнча үч күндүк окутуу семинарын өткөрдү.

Иш-чарага Салык кызматынын аймактык башкармалыктарынын 75 кызматкери катышты.

Семинардын алкагында төмөнкүлөр каралды:

• укук бузуулар жөнүндө Кодексти ишке ашыруунун практикалык аспектилери;

• административдик укук бузууларды белгилөө жана каттоо алгоритмдери;

• контролдоочу органдардын ортосундагы санариптик өз ара аракеттенүү;

• мониторинг жана отчеттуулук куралдары менен бирге "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасынын жаңы функционалдык мүмкүнчүлүктөрү.

Семинардын максаты – кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарды бир түрдүү колдонууну, ошондой эле "Укук бузуулардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасында маалыматтарды сапаттуу жүргүзүүнү камсыз кылуу.

Салык кызматы административдик процесстердин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча системалуу ишти улантат.