МСК студенттер үчүн эшиктерди ачат: салык системасы жөнүндө экскурсиялар жана лекциялар
Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Экономикалык Университетинин (КЭУ) жана Бишкек финансы-экономикалык техникалык техникумунун (БФЭТ) колледждеринин студенттери үчүн экскурсия өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында жаштар Бишкек шаарындагы Ишкерлерди тейлөө борборуна барып, алардын ишинде колдонулган алдыңкы технологиялар жана инновациялар менен таанышышты.
Экскурсия учурунда Салык кызматынын кызматкерлери жарандарды санариптик форматта тейлөө процесстерин иш жүзүндө көрсөтүп беришти.
Ошондой эле, салык органдарынын ишинин негизги аспектилерине жана электрондук мамлекеттик кызматтар менен иштөөнүн негиздерине, ошондой эле салыктар боюнча негизги билимдерге арналган видеосабактар көрсөтүлдү.
Студенттерди бүгүнкү күндө мамлекеттик мекемелерде кеңири колдонулуп жаткан маалыматтык технологиялар менен иштөөнүн заманбап методдоруна окутууга өзгөчө көңүл бурулду, бул аларды IT, мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана бизнес-талдоо чөйрөлөрүндө ийгиликтүү кесиптик карьерага даярдоого өбөлгө түзөт.
