Ош облусунда эспарцет жана чөп үрөндөрүн себүү иштери жүрүүдө
Ош облусунда жайыттарды жакшыртуу жана алардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында эспарцет жана чөп үрөнү себүү иштери активдүү түрдө жүргүзүлүп жатат.
Бүгүнкү күнгө карата Ош облусу боюнча пландаштырылган иштердин 39,7% аткарылды. Тактап айтканда, Кара-Кулжа району боюнча 185 гектар жерге үрөн себилсе, Өзгөн району бул багытта алдыңкы орунда турат – бул жерде 757 гектар аянтка себүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Кара-Суу району 632 гектар себилди. Ноокат району 75 гектар аянтка үрөн себилди, Араван районуна 33 гектар жерге себилди. Бул иш-чаралар жайыттардын сапатын жакшыртуу жана аймактагы мал чарбачылыгын колдоо үчүн маанилүү болуп саналат.
