
Кыргызстан жана Пакистан биргелешкен Ишкерлер кеңешин түзүү маселесин талкуулашты
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атаханов Пакистандын эң активдүү соода-өнөр жай палаталарынын бирине (Равальпинди) барып, анын жетекчилиги жана мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Элчи Кыргызстандын соода-экономикалык, илимий, билим берүү, инвестициялык, транзиттик жана аймактык интеграциялык потенциалы менен тааныштырды.
Ал ошондой эле Кыргызстандын соңку торт жылы социалдык-экономикалык жетишкендиктери, жүргүзүлүп жаткан масштабдуу социалдык-экономикалык реформалардын натыйжалары, улуттук экономиканын тез өнүгүүсү, ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлор, ошондой эле өлкөнүн өсүп жаткан туристтик потенциалы тууралуу айтып берди.
Эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүгө чакырып, Кыргызстан Пакистан менен эки тараптуу мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Равалпинди Соода-өнөр жай палатасынын президенти Усман Шаукат Пакистан Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын элчилиги түзүлгөндөн бери кыргыз дипломаттары менен пакистандык ишкер чөйрөлөрдүн ортосунда достук мамилелер өнүгүп келе жатканын белгилеп, бул кызматташуу мындан арыда ийгиликтүү улантууга кызыкдар экендигин билдирди.
Ал жетектеген Соода-өнөр жай палатасынын 20 миңден ашык жеке жана юридикалык жактар мүчө болгондугун маалымдап, Кыргыз Республикасы менен кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин айтты.
Ушу менен бирге Усман Шаукат Кыргызстандын акыркы бир нече жылдагы экономикалык жетишкендиктерин жогору баалап, “Өнүгүүнүн кыргыз моделин” көптөр суктануу менен кылдат изилдеп жатканын белгиледи.
Тараптар өз ара кызматташтыкты арттыруунун жолдорун талкуулап, пакистандык ишкерлер үчүн Кыргыз Республикасында жана кыргыз тарап үчүн Пакистанда бизнес-турларын өткөрүү, биргелешкен Ишкерлер кеңешин түзүү, бизнес-форумдарды, ошондой эле соода көргөзмөлөрүн уюштуруу боюнча макулдашышты.
Маалымат үчүн: Равалпинди 3 миң жыл мурун шаар катары пайда болгон, Исламбадга чейин Пакистандын борбору катары белгилүү; Анын калкы 2,5 миллион адамды түзөт. Бул жерде өлкөнүн башкы улуттук паркы, Аюб паркы, жана аскердик-өнөр жай комплекстери жана ай-ти технол