Кыргызстанга кеминде 10 миң тонна карбамид жеткирүү пландалууда
17 август

Кыргызстанга кеминде 10 миң тонна карбамид жеткирүү пландалууда

Бүгүн 17-августта министрликте минералдык жер семирткичтерди жеткирүү боюнча келишимди даярдоо жана түзүү тууралуу алдын ала макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү. Документке «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын жана Кытайдын Beijing Huafu Engineering Co., Ltd. (HFEC) компаниясынын өкүлдөрү кол коюшту. Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу катышты.

Макулдашууга ылайык, Кыргызстанга биринчи партиядагы жогорку сапаттагы карбамидди кеминде 10 миң тонна көлөмүндө жеткирүүгө даярдык көрүлөт. Демилге ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн минералдык жер семирткичтер менен жеткиликтүү жана өз убагында камсыз кылууга багытталган.

«Бул макулдашууну ишке ашыруу жер семирткичтер рыногун турукташтыруу багытындагы маанилүү кадам болот. Карбамиддин жеткиликтүү жана өз убагында жеткирилиши дыйкандарыбызга түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана өлкөнүн айыл чарбасынын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи Илич Марсбек уулу.

Кызматташуу минералдык жер семирткичтерди туруктуу жеткирүү каналын түзүүгө жана жазгы-талаа жана күзгү айыл чарба иштеринин мезгилинде тартыштык тобокелдигин азайтууга багытталган.