АКШдан импорттолгон 18 миң тонна күрүч жараксыз экени аныкталды
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини боюнча Ош башкармалыгына караштуу «Кара-Суу Темир Жолу» карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөө пунктунда, башкармалыктын адистери нөөмөт учурунда жүргүзгөн көзөмөлдөө ишинин жүрүшүндө Америка Кошмо Штаттарынан импорттолгон, жүк жөнөтүүчү уюм — NPO Mercy Corps (МерсиКор) тарабынан алып келинген, жалпы салмагы 18 миң тонна болгон күрүч өндүрүмү толугу менен жараксыз экени аныкталды.
Натыйжада Кыргыз Республикасынын карантин мыйзамдарынын талаптарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык, өлкө аймагына фитосанитардык кооптуу продукциялардын ташылып киришин алдын алуу боюнча көзөмөлдү камсыз кылуу максатында, аталган жүк тиешелүү адистер тарабынан Ош шаардык таштанды таштоочу жайында жок кылынды.
Бул процесске Ош бажы кызматы, “Mercy Corps International” уюмунун Ош шаарындагы өкүлчүлүгү, Санитардык-эпидемиологиялык кызматы, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы, Экология кызматы жана Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини боюнча Ош башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
Бул окуя — Кыргыз Республикасынын аймагын фитосанитардык кооптуу продукциялардан коргоо боюнча мамлекеттик органдардын тыгыз кызматташтыгынын жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжасы болуп саналат.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини боюнча департамент карантиндик эрежелерди сактоону камсыз кылуу жана калктын азык-түлүк коопсуздугун коргоо боюнча иштерди мындан ары да улантат.
