«Исанов» жаңы көмөкчордонун курулушу: долбоордук жана тендердик документтер даярдалууда 
17 август

«Исанов» жаңы көмөкчордонун курулушу: долбоордук жана тендердик документтер даярдалууда 

Ош облусунда жаңы 220/110/10 кВ «Исанов» көмөкчордону курулуп, ал жогорку чыңалуудагы электр берүү линиялары аркылуу өлкөнүн электр тармагына кошулат. Долбоор Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого жана кайра жаралуучу энергия булактарын электр системасына интеграциялоого багытталган.

«Исанов» көмөкчордону «Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү» (KRED) долбоорунун биринчи фазасынын алкагында ишке ашырылууда. Электр энергиясын берүү системасын күчөтүүгө багытталган компоненттин жалпы каржылоо көлөмү 35,5 млн АКШ долларын түзөт.

Долбоордун алкагында «Исанов» көмөкчордонун «Кара-Шоро», «Кара-Кулжа» жана «Каратай» багыттары менен байланыштырган 110 кВ чубалгылар, ошондой эле 220 кВ «Датка–Узловая»чубалгысына кошулуу каралган. Жаңы электр берүү зымдарынын жалпы узундугу болжол менен 76 чакырымды түзөт.

Учурда долбоор боюнча долбоорлоо жана тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат.

Долбоордун негизги мааниси - өлкөнүн электр тармагынын өткөрүмдүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу менен бирге, келечекте жаңы гидроэнергетикалык жана күн энергетикалык объектилерин электр системасына кошууга шарт түзүү.

«Исанов» көмөкчордону Кыргызстандын энергетикалык системасын модернизациялоонун жана кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү үчүн зарыл болгон инфраструктураны түзүүнүн маанилүү кадамдарынын бири болот.