Россияга экспорттолот. Ноокатта 200 орундуу тигүү цехи ачылды
Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагында «Гармент» ЖЧК тарабынан негизделген заманбап тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Үч кабаттуу имаратта жайгашкан тигүү цехи жеке ишкер тарабынан курулуп, жалпы сметалык баасы 24,2 миллион сомду түзөт.
Ишканада негизинен аялдар үчүн көйнөк-шым, кофта, юбка сыяктуу сапаттуу кийимдер тигилет.
Учурда цехте 70 кызматкер эмгектенүүдө, ал эми жакынкы келечекте бул көрсөткүчтү 200гө жеткирүү пландалууда.
«Цехте чыгарылган продукциялар Россияга экспорттолот. Толук кубаттуулукта иштеп баштаганда, ишкана ай сайын 100 миң АКШ долларына чейин продукция өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул экономикалык өсүшкө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө чоң салым кошот», – деп айтылат маалыматта.
