Нарында бетон заводу ишке кирет
7 апрель

Нарында бетон заводу ишке кирет

Нарын районунда бетон заводу ачылат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган ишкана кум майдалап чыгарып келген. Ал эми учурда бетон чыгарууга даярдык иштери жүрүп жатат. Ага атайын техникалары келген жана 15 күндүн аралыгында ишке берилүүсү күтүлүүдө.