
ЕАЭБ өлкөлөрү жарандык авиация тармагында мыйзамдык мамилелерди жакындатууга макулдашты
Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары 1-октябрда Ереван шаарында (Армения) өткөн Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында евразиялык “бештиктин” өлкөлөрүнүн жарандык авиация чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө жарлыкты жактырышты.
Кабыл алынган документке ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрү 2025-жылдын 1-январына чейин мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) учактын учууга жарактуулугу чөйрөсүндөгү нормаларына жана принциптерине ылайык келтирүү боюнча иштерди уюштурат.
Тактап айтканда, ЕАЭБдин башка мүчө-мамлекетинин аймагына учууга жарактуулугу жок же учууга жарамдуулугун убактылуу жоготкон учагын которууда билдирүүнүн тартиби, ошондой эле мындай учактын учууга уруксат берүүнүн негиздери аныкталат.
«ЕӨАК буйругу ИКАОнун стандарттарына жана колдонуудагы мамлекеттик практикага таянуу менен, учууга жарактуулугу сертификаты жок же убактылуу жарактуулугун жоготкон аба кемеси үчүн маалымдоо тартиби жана учууга уруксат берүүнүн негиздери боюнча макулдашылган эрежелерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Андан кийин мүчө-мамлекеттер улуттук мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүүнү уюштурат», - деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура министри Арзыбек Кожошев.
Буйрукту ишке ашыруу ЕАЭБ мейкиндигинде аба транспортунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы рыногун түзүүгө багытталган.