Ноокат районунда  мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана ачылды
18 апрель

Ноокат районунда мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана ачылды

Ноокат районунун Т. Кулатов айыл аймагына караштуу Баглан айылында заманбап мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ишкананын ачылыш аземине облус башчысы Элчибек Жантаев катышып, жергиликтүү тургундарды куттуктап, өндүрүшкө расмий старт берди.

Бул өндүрүш объектиси жеке инвестиция жана “Арис” уюмунун каржылык колдоосу менен жалпы 15 миллион 447 миң сомдук каражатка курулуп, заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыздалган.

Ишкананын кубаттуулугу күнүнө 500 литр сок өндүрүүгө жетет. Алгачкы этапта 15–20 адам туруктуу жумуш орду менен камсыздалат.