Сузакта күнөскана шартында лимондон 800 кг чейин түшүм алынды
Сузак районундагы Барпы айыл аймагында дыйкан биздин климатка анча ылайык келбеген цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча алгачкылардан болуп демилге көтөрүп, акыркы эки жылдан бери бул багытта үзүрлүү иш алып барууда.
Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, ал мандаринди сыноо иретинде отургузуп, бүгүнкү күндө жакшы жыйынтыктарга жетишип отурат.
Цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүүдө заманбап агротехникалык ыкмаларды туура пайдалануунун натыйжасында мандаринден сапаттуу жана мол түшүм алынууда. Мындан тышкары, дыйкан эки жылдан бери лимон өстүрүп, быйылкы жылы 800 килограммга чейин түшүм жыйнады.
Алынган продукция өз керектөөсүн камсыздоодон тышкары, жергиликтүү базарларга чыгарылып сатылууда.
Учурда дыйкандын күнөсканасында банан, курма, лимон, мандарин жана мандариндин башка түрлөрү өстүрүлүүдө. Ал келечекте күнөсканасын кеңейтип, тропикалык өсүмдүктөрдүн түрлөрүн көбөйтүүнү пландап жатат.
Бул демилге аймакта айыл чарбасын диверсификациялоого, жаңы багыттарды өнүктүрүүгө жана жергиликтүү рынокту сапаттуу продукция менен камсыздоого өбөлгө түзөт.
