Кыргызстанда 2024-жылы финансы секторунун уюмдарынын пайдасы эки эсе көбөйдү
2024-жылы экономиканын финансы секторунда 626 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 586 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 16 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд ишмердигин жүргүзүштү.
Улуттук статистика комитетинен кабарлашкандай, 2024-жылы экономиканын финансы секторундагы уюмдардын кирешелеринин көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйүп, дээрлик 199 млрд. сомго жетти, бул банк секторунун кирешелеринин өсүүсү менен камсыздалды.
2024-жылы финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 64%ын түздү, ал эми уюмдардын 16%га жакыны чыгаша тартты.
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен экономиканын финансы секторунда 85,5 млрд. сом пайда өлчөмүндө оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык алынды, бул 2023-жылга караганда дээрлик 2 эсеге көп. Пайданын негизги өсүүсү Улуттук банк тарабынан камсыздалды.
Экономиканын финансы секторунун уюмдарынын суммардык активдери бир жылдын ичинде 29%га же 325 млрд. сомго көбөйдү жана 2024-жылдын аягына карата 1 441,5 млрд. сомду түздү. Алардын кирешелүүлүгү 6,7% өлчөмүндө аныкталды, мында алардын эң жогорку деңгээли күрөөканалардын (24%га жакын) жана камсыздандыруу уюмдардын (13%) арасында байкалды.
Ошондой эле 2024-жылы финансы секторунун уюмдарынын капиталынын наркы (42%га) көбөйдү, анын суммардык көлөмү жылдын аягына карата 296 млрд. сомду түздү. Капиталдын наркысынын көбөйүшү Улуттук банкта (52,5 млрд. сомго), коммерциялык банктарда (25 млрд.) жана микрокредиттик уюмдарда (8 млрд. сомго) белгиленди.
