Кыргызстандын экономикасы: Жыл башынан бери ИДПнын өсүшү 6,6% түздү
Ички дүң продукт 2024-жылдын январь-июлунда алдын ала баалоо боюнча болжол менен 798 млрд.сомду түздү жана 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 6,6 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов билдирди.
Анын маалыматына таянсак, 2024-жылдын январь-августунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 330 миллиард сомдон ашыкты түздү жана 2023-жылдын январь-августуна салыштырмалуу тазаланган мунай продуктуларын (1,7 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфиялык ишмердикти (36,3 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарын (19,6 пайызга), фармацевтикалык продукцияны (17,9 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын (10,1 пайызга) ошондой эле текстиль өндүрүшүндө жана кийим-кече өндүрүшүндө (8,1 процентке) өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 0,7 пайызга көбөйдү.
"Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдүн өсүшү 39,2 процентти, дүң жана чекене соодада 6,2 процентти, ошондой эле айыл чарбасында 7,3 процентти түздү", - деп кошумчалады ал.