Visa Кытайдын ички төлөм рыногуна чыгууга уруксат алды
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 октябрь

Visa Кытайдын ички төлөм рыногуна чыгууга уруксат алды

Visa компаниясы Кытайдын Элдик банкынан өлкөнүн ички төлөм рыногуна чыгууга даярдык көрүүгө уруксат алды. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы жазды.

Көзөмөлдөөчү орган Кытайдын ичинде банк карталары боюнча төлөмдөрдү иштетүү менен алектене турган түзүмдү түзүүгө даярдык көрүүгө макулдук берди.

Бул чечим Visa компаниясы көптөн бери кирүүгө аракет кылып келген Кытайдын ички карта төлөмдөрү рыногуна чыгуу жолундагы маанилүү кадам болуп калды.

Басылманын маалыматына караганда, уруксат АКШнын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин 2026-жылдын май жана сентябрь айларындагы жолугушууларынан кийин берилген.

Visa компаниясынын атаандашы Mastercard мындай уруксатты 2023-жылы эле алган. Компания Кытайдын рыногуна NetsUnion Clearing менен биргелешкен ишкана аркылуу кирген.