Ысык-Көл облусунда VIII Эл аралык экономикалык форуму башталды
10 сентябрь

Ысык-Көл облусунда VIII Эл аралык экономикалык форуму башталды

Ысык-Көл облусунда “Ысык-Көл-2024” VIII Эл аралык экономикалык форуму старт алды. Иш-чараны КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктик өткөрүүдө. 

Аталган агенттиктен билдиришкендей, форум Кыргызстандын, Кытайдын, Россиянын, Өзбекстандын жана башка бир катар өлкөлөрдүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду куруу үчүн мыкты аянтча болмокчу. Бул келечекте кызыктуу жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун башталышына түрткү берет.