Энергетика министрлиги менен MurooSystems Corporation компаниясынын ортосунда Инвестициялык макулдашууга кол коюлду
10 сентябрь

Энергетика министрлиги менен MurooSystems Corporation компаниясынын ортосунда Инвестициялык макулдашууга кол коюлду

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Японияга  болгон иш  сапарынын алкагында  MurooSystems Corporation компаниясынын президенти Пан Чжунсинь менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Кезектеги жолугушууда тараптар энегетика тармагында кызматташуу,  биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу, буга чейинки жолугушуулардын жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы  боюнча талкуу кылышты.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен MurooSystems Corporation компаниясынын ортосунда Чоң-Кемин дарыясында жалпы кубаттуулугу 24-25 МВттык эки чакан ГЭСти куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Инвестициялык макулдашууга кол коюлду.

Мындан тышкары Кыргызстандын Баткен облусунда кубаттуулугу 100 МВтка чейинки күн фотоэлектр станциясын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча Меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун максаты инвестордун өз алдынча жана өз каражатына же насыялык каржылоону тартуу менен жалпы кубаттуулугу 100 МВт чейин күн фотоэлектр станциясын куруу ниети болуп саналат.

Япон компаниясы  Чакан ГЭС жана күн электр станциясын куруу долбоордун  ишке ашырууга 100 миллион АКШ долларга чейин инвестиция салууга убада берди.

Аталган документтерге Кыргыз Республикасынын энергетика министри Ибраев жана MurooSystems Corporation корпорациясынын президенти Пан Чжунсинь кол койду.

Мындан тышкары, энергетика министри Таалайбек Ибраев MurooSystems Corporation корпорациясынын өкүлдөрү менен биргеликте  Япониядагы Чакан ГЭСке барып, ГЭСтердин бетон дамбасынын курулушу, колдонулган материалдары, куруу технологиялары менен таанышты. Япониялык энергетиктердин айтымынды Япониядагы ГЭСтердин 60%нын дамбасы бетондоо ыкмасы менен жасалган.

Эске салсак, жакында эле “Камбар-Ата-1” ГЭСнин дамбасын  тандоо иш чарасы эксперттер менен биргеликте болуп өткөн. Анда эксперттердин көпчүлүгү бетон дамба курууну сунушташкан. Анткени бетондон жасалган дамба сапаттуу жана көп жылга туруктуу болот.  Министр Т.Ибраевдин  Япониядагы ГЭСтердин бетон дамбасы тууралуу маалымат жана кеңеш алганынын бирден бир себеби, “Камбар-Ата-1” ГЭСке бетон дамба курууну пландоо болуп саналат.