Эт өндүрүүнү өнүктүрүү долбоору башталды
19 март

Эт өндүрүүнү өнүктүрүү долбоору башталды

Эт өндүрүмүн көбөйтүү жана эттин баасын рыноктук жол менен жөнгө салуу үчүн “Чүй облусу менен Бишкек шаарында бодо малды бордоп семиртүү эт кластерин өнүктүрүү” долбоору ишке киришти. 

Буга байланыштуу Министрлер кабинетинин токтому бекитилип, кластерге кирген фермерлерге 3% үстөк менен жеңилдетилген насыяларды берүү үчүн  мамлекеттик банктар каржылоону башташты.

Бул долбоорду Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев долбоорду ишке киргизүү боюнча токтомго жакында кол койгон.  

Бул документ 18-мартта Жогорку Кеңештин кароосунан өтүп, күчүнө кирди. Эми  “Абанк” жана “Элдик банк” мамлекеттик банктары аркылуу Бишкекте жана Чүйдө бодо малды бордоп семирткен эт кластерине кирген ферм