Эми кыргызстандыктар насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу сала алат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты жарандардын финансылык алдамчылыктан корголушунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кредиттик бюролор менен финансылык уюмдардын ортосунда кредиттик маалыматтарды алмашуудагы мыйзамдык коллизияларды жоюу болуп саналат.
Кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкүдөй өзгөртүүлөр белгиленет:
1) “Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамында төмөнкүдөй ченемдер каралган:
– кредиттик уюмдар насыялык бюролордон насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуунун бар экендиги жөнүндө маалыматты сурап алууга жана колдонуудагы өзүнө-өзү тыюу салуу болгон учурда насыялык маалымат субъекти – жеке жак менен насыялык бүтүм түзүүдөн баш тартууга милдеттүү;
– насыялык маалымат субъекти насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөөгө, ошондой эле мындай өзүнө-өзү тыюу салууну алып салууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн мамлекеттик порталы аркылуу өзүнүн өзүнө-өзү тыюу салуусу жөнүндө маалыматты акысыз негизде алууга укуктуу;
2) “Банктар жана банк иштери жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамында төмөнкүдөй ченемдер каралган:
– банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар:
кардар менен кредиттик келишим түзүүгө ал тарабынан тыюу салууну белгилөө же болбосо мындай тыюу салууну алып салуу жөнүндө маалымат бар экендиги тууралуу маалыматты кредиттик бюролордон сурап алууга милдетүү;
кредиттик келишим түзүүгө кардар тарабынан белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу күчүндө болсо, кредиттик келишим түзүүдөн баш тартууга милдетүү;
– банктык кызматтарды көрсөтүүчү адамдар тарабынан аталган талаптарды сактабастан түзүлгөн кредиттик келишимдер жараксыз болуп саналат.
