
Социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз насыя берүү программасына арыздарды кабыл алуу башталды
6 айдан кем эмес ишкердик ишин жүргүзгөндүгүн ырастоочу документи бар социалдык контракттын катышуучусу пайызсыз насыя алуу үчүн Программага катышуу мүмкүнчүлүгү бар.
Социалдык контракттын катышуучулары бекитилген бизнес-планга ылайык ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө 200 000 сомго чейин пайызсыз насыя ала алышат.
Катышуучулар пайызсыз насыя алгандан кийин 3 ай жеңилдик алышат (төлөнбөйт), андан кийин 3 жылдын ичинде ай сайын бирдей үлүштөр менен төлөө жүргүзүлөт.