Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж: Алгачкы электр көмөк чордондорун орнотуу аракети башталды
14 март

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж: Алгачкы электр көмөк чордондорун орнотуу аракети башталды

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Таран-Базар айылында темир жолго керектелүүчү алгачкы электр көмөк чордондорун орнотуу аракеттери башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бул багытта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Кытай тарабынан бекитилген атайын өкүлдөр менен жолугушуп, иш алып баруу багыттарын талкуулашты.

Өкүл тыгыз кызматташтык аракеттеринин маанилүүлүгүн белгилеп, жаралган маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү бийлик көмөк көрсөтөөрүн айтты.

Облус башчысынын биринчи орун басары Нурлан Эрматов Көк-Арт айыл аймагынын Таран-Базар айылынын жергиликтүү тургундары менен жолугушуп, темир жолдун курулуш иштери аталган айылдан башталаарын белгиледи. Ага катар электр көмөк чордондору орнотулуучу объекттер боюнча маалымат берди.