Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктады
11 декабрь

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктады

Кыргызстанда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо иштери аяктады, деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрына карата дан эгиндеринин абалы боюнча (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 599,5 миң гектар аянттан жыйналып алынды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 2,5%га көп. Мында алгачкы кабыл алынган салмакта 2,2 млн. тонна дан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 29,2%га көп. Дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 36 га жакын центнерди түздү, бул былтыркыдан 7,4 центнерге жогору.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда арпанын дүң жыйымы - 60,3%, буудай – 50,9%, кант кызылчасы - 40,4%, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү - 26,3%, бакча өсүмдүктөрү - 19,1% өскөн. Өндүрүштүн өсүшү арпанын гектарына - 9,4 центнерге, буудайдын - 9,0 центнерге, кант кызылчасынын - 180,6 жана бакча өсүмдүктөрүнүн - 18,6 центнерге түшүмдүүлүгүнүн жогорулашынан улам камсыздалды.

Муну менен катар, өткөн жылга салыштырмалуу тамекинин - 33,3%, пахтанын - 26,8 %, картошканын - 7,5%га дүң жыйымы азайган. Дүң түшүмдүн азайышы 2024 - жылдын түшүмү үчүн айдоо аянттарынын тамеки - 42,0%, пахта - 26,9%, картошка – 8,4%га төмөндөшү менен шартталган.