Бишкекте арналган ата мекендик продукциялардын көргөзмө-жарманкеси өтөт
Бул иш-чаранын алкагында тамак-аш, айыл чарба, текстиль, кол өнөрчүлүк, оор өнөр жайы жана автоөндүрүш тармактарынын продукциялары көрсөтүлөт.
Көргөзмө-жарманкеде сиздер 100дөн ашуун ата мекендик компаниянын өкүлдөрү жана алардын продукциялары менен таанышып, жергиликтүү ишканалардын потенциалына баа берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуздар. Сиздердин катышууңуздар жана колдооңуздар биздин өндүрүшчүлөр үчүн өтө маанилүү, себеби бул өлкөбүздүн экономикалык кубатын бекемдөөгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү болууга өбөлгө түзөт.
Жарманкеде ар кандай товарларды көрүп жана өндүрүүчүлөр, жергиликтүү бизнес менен жакындан таанышып, көңүлдүү убакыт өткөрүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыздар!