Депутат: Дефицитти кыскартуу үчүн 40 миллиондон ашык чарчы метрди бөлүү керек. метр турак-жай 40 жылдан ашык убакыт керек болот
21 сентябрь

Депутат: Дефицитти кыскартуу үчүн 40 миллиондон ашык чарчы метрди бөлүү керек. метр турак-жай 40 жылдан ашык убакыт керек болот

Жыйында программа тууралуу, ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө Башкармалыктын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов баяндама жасады.

Талкуу маалында депутат Мирлан Самыйкожо МИК тарабынан курулуп жаткан объекттердеги 1 чарчы метрдин баасы, Скрябин, Маликов, Ч.Айтматов көчөлөрүндөгү МИК объектилерин бүткөрүү мөөнөттөрү, жеңилдетилген ипотека алкагында кезектүүлүктүн сакталышы тууралуу суроолорду узатты. Буга Нурадил Баясов 1 чарчы метр турак жайдын баасы 650 АКШ долларын, ал эми үлүштүк курулуштун алкагында 950 доллар түзөрүн маалымдады. Анын айтымында, белгиленген үч объекттеги батирлер 2024-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет, МИКтин ар бир катышуучусу өз кезегин көзөмөлдөй алат.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков МИКтен үй сатып алууну каалаган муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин саны, батирлердин баасы жана ипотекалык насыя боюнча ай сайын төлөнүүчү төлөмдөр тууралуу маселени тактады. Ал белгилегендей, калктын өсүшүн эске алуу менен МИКтин ишин өзгөртүү зарыл, анткени турак жайдын жетишсиздиги 40 млн чарчы метрден ашат.

Андан тышкары, эл өкүлү Кубанычбек Самаков үлүштүк курулуштун алкагында ипотекалык насыя берүүнүн тартиби жана механизмдери, жеке жактарга сатуунун ордуна Бишкектеги ипподромдун аймагына турак-жай куруу тууралуу маселелерди ортого салды. Депутат Жалолиддин Нарбаев МИКтин мындай темп менен иштей турган болсо 40 млн чарчы метр турак жайдын тартыштыгын кыскартуу үчүн 40 жылдан ашык убакыт талап кылынарын белгиледи. Ал белгилегендей, МИКтин ишин аймактарда суу менен камсыздоо жана канализация тутумун караштыруу зарылдыгын эске алуу менен системалуу түрдө жүргүзүү зарыл.

Ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев «Элдик» депутаттык тобунун 2024-жылдын 9-февралындагы чечиминин аткарылышына көңүл бурду. Муну менен катар МИК тарабынан Баткен облусунда турак жай куруу маселесин көтөрүп, Лейлек районунда эле 17300 адам жер тилкелерди алуу үчүн кезекте турганын жүйө келтирди. Өз кезегинде депутат Аманкан Кенжебаев МИКтеги кезектин так сакталышына өзгөчө көңүл буруп, Маликов көчөсүндөгү батирлердин жалпы саны жана инфраструктурасын өнүктүрүү маселесине токтолду.