Кыргызстан менен Япония туризм жана эмгектик миграция тармагындагы кызматташууну кеңейтип жатат
17 апрель

Кыргызстан менен Япония туризм жана эмгектик миграция тармагындагы кызматташууну кеңейтип жатат

2025-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын делегациясынын Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Р.А. Сабиров менен Япониянын Жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министри Накано Хиромаса мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда транспорт, инфраструктура, туризм жана “Белгилүү көндүмдөргө ээ жумушчулар” (SSW) программасынын алкагында эмгектик миграция тармагындагы эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү перспективалары талкууланды. Өзгөчө көңүл 2023-жылдын 6-июлунда кол коюлган кызматташтык боюнча Меморандумду ишке ашырууга бурулду.

Кыргыз тарап “Транспорттук кызматтар бизнеси” багыты боюнча жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, талаптарга жооп берген талапкерлерди каттоо жана даярдоого толук даяр экенин белгиледи. Ошондой эле мейманкана бизнеси, курулуш жана тейлөө тармактарын кошуу менен жумушка орношуу багыттарынын тизмесин кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Япон тарап, өз кезегинде, SSW программасы алкагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын квалификациялуу кадрларды даярдоо багытындагы аракеттерин жогору баалады. Кыргыз жарандары үчүн жаңы жумушка орношуу багыттарын кошуу мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендигин билдирди.

Тараптар өз ара урматтоого, ачык-айкындыкка жана туруктуулукка негизделген, узак мөөнөттүү келечекти көздөгөн, эки тарап үчүн пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө бекем ниеттерин дагы бир ирет ырасташты.