Кыргызстан менен Германия "жашыл" экономика жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты 
26 октябрь

Кыргызстан менен Германия "жашыл" экономика жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германия Федеративдүү Республикасынын КРдагы элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, "жашыл" экономика жана климатты коргоо жаатында, келишимдик-укуктук база, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.