Кыргызстандын улуттук статистика системасын Глобалдык баалоо башталды
2026-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде улуттук статистикалык системанын абалын, анын эл аралык стандарттарга жана расмий статистиканын мыкты тажрыйбаларына шайкештигин ар тараптуу баалоого багытталган көз карандысыз кесиптик экспертизага - Кыргыз Республикасынын улуттук статистика системасын Глобалдык баалоо жүргүзүү боюнча миссиянын расмий ачылышы болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Кудайбергенов Бактыбек Жапарович БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК БУУ) Статистикалык бөлүмүнүн көмөгү астында түзүлгөн эл аралык баалоо тобунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Эл аралык баалоо тобунун курамына ЕЭК БУУ, ЭСКАТО БУУ, Евростат, Норвегиянын Борбордук статистика бюросунун жана Швейцариянын Федералдык статистика башкармалыгынын алдыңкы эксперттери кирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кудайбергенов эксперттер менен биргеликте акыркы беш жылдагы улуттук статистикалык системанын өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктарын, расмий статистиканы модернизациялоо тармагындагы негизги жетишкендиктерди, ошондой эле эл аралык сунуштамаларга ылайык статистикалык ишмердүүлүктү андан ары өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Эл аралык GSBPM жана GAMSO статистикалык моделдерин киргизүү, статистикалык процесстерди санариптик трансформациялоо, сапатты башкаруу системасын өнүктүрүү, административдик маалыматтарды пайдаланууну кеңейтүү, Улутстаткомдун институционалдык түзүмүн өркүндөтүү жана улуттук статистикалык системаны координациялоону чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Глобалдык баалоо 2026-жылдын 21-июлунан 28-июлуна чейинки мезгилде өткөрүлөт жана республиканын улуттук статистикалык системасынын абалына көз карандысыз эксперттик баа берүүгө, аны андан ары өнүктүрүү жана эл аралык стандарттарга, ошондой эле дүйнөлүк мыкты тажрыйбаларга шайкеш келтирүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгууга багытталган. Кыргыз Республикасы үчүн бул үчүнчү Глобалдык баалоо: биринчиси 2011-жылы, экинчиси 2021-жылы жүргүзүлгөн. Миссиянын алкагында эл аралык эксперттер Улутстаткомдун адистери, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, академиктер коомчулугунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү - расмий статистиканын колдонуучулары жана өндүрүүчүлөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүшөт.
