Кыргызстан менен Япония  энергетика тармагы боюнча кызматташат
9 сентябрь

Кыргызстан менен Япония  энергетика тармагы боюнча кызматташат

Кыргызстан менен Япония энергетика тармагы боюнча кызматташат, деп кабарлайт Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров 2023-жылдын ноябрь айында Японияга болгон расмий сапарынын алкагында Япониянын өлкө башчысы менен энергетика тармагында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Андан кийин КРнын Энергетика министрлигине эки өлкөнүн энергетка тармагындагы сүйлөшүүлөрүн ишке ашыруу тапшырмасын койгон.

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Японияга иш сапар менен барды. Иш сапардын жүрүшүндө Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай  (министрлик энергетика саясатын жүргүзөт) министри Кен Саито менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар жолугушуунун алкагында энергетика тармагында кызматташуу, биргелешип долбоорлорду ишке ашыруу тууралу талкуу кылышты.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында эл аралык мыкты тажрыйбаларды жана алдыңкы технологияларды колдонуу менен жашыл энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган КР Энергетика министрлиги менен Япониянын экономика, соода жана өнөр жай (энергетика) министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү Меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун негизги максаты энергиянын альтернативдүү булактарын, технологияларды жана варианттарды сунуштоо, энергияны үнөмдөө жолу, энергиялык натыйжалуулукту пайдалануу менен реалдуу энергетикалык өтүүлөрдү ишке ашыруу, кайра жаралуучу энергия булактары, суутек энергиясы жана аммиак, электрондук отун, көмүртекти кайра иштетүү, көмүртекти утилдештирүү жана сактоо, жогорку эффективдүү электр энергиясын өндүрүү  үчүн Япония менен Кыргыз Республикасынын энергетикалык кызматташтыгына көмөктөшүү жана кеңейтүү болуп саналат.

Тараптардын жолугушуусуна жана Меморандумга кол кою аземине Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т. Ибраев, Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министри Кен Саито, Кыргызстандын Япониядагы

Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эркинбек Осоев жана эки тараптын тийиштүү кызматкерлери катышты.