«Кепилдик фонду» биринчи «Ылдам» кепилдигин берди
2025-жылдын 25-мартында «Кепилдик фонд» ААКсы 1,06 миллион сом суммасында «Ылдам» биринчи кепилдигин берген.
Мына ушундай колдоонун аркасында Жалал-Абад облусундагы ишкер транспорт тармагындагы бизнесин өнүктүрүү үчүн «Азия Банкы» ААКсынан 4 млн сом өлчөмүндө насыя алды.
«Ылдам» – бул бизнеске каржылоону тезирээк жана жеңилдетүүгө мүмкүндүк берген жана өнөктөш банктарга тобокелдиктерди ишенимдүү бөлүштүрүүнү камсыз кылган инновациялык кепилдик продукт.
