Баткен облусунда газобетон заводунун курулушу уланууда
17 апрель

Баткен облусунда газобетон заводунун курулушу уланууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов «Халмион Пром» жоопкерчилиги чектелген коомунун автоклавдык газобетон чыгаруучу заводунун курулушун көрдү.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, завод Баткен облусунун Кадамжай районунун Жеңиш айылында жайгашкан. Ишкана Германиядан алынып келинген жабдуулар менен жабдылып, герман технологиясы менен курулууда.

Дүйнөлүк стандартка жооп берген, жогорку сапаттагы курулуш материалын чыгаруучу ишкананы үстүбүздөгү жылдын декабрь айына бүткөрүү аракеттери көрүлүүдө.

Ишкана жылына 160 миң куб метр продукция чыгаруу кубаттуулугуна ээ болот. 150 жумуш орду түзүлөт.

Исхак-Полотхан айыл өкмөтү ишканага 5,0 га жер аянтын бөлүнүп берген.

Сметалык баасы 14,5 млн. АКШ долларын түзгөн ишканага Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан да каражат бөлүнгөн.