Кыргызстандын Жол фондунун кирешеси үч жылдын ичинде 100 эседен ашык өстү
Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңеште «Жол фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үч окууда каралып, колдоо тапты.
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Мыйзам долбоорун Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев тааныштырды. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, жол фондусуна топтолгон каражаттын 10%ын тармактын өзүн өнүктүрүүгө багыттоо сунушталууда.
«Тармактын системалуу өнүгүүсүн камсыз кылуу зарылдыгы чыгууда. Жол куруу техникаларын жакшыртуу, жол чарба департаменттеринин имараттарын жана өндүрүш базаларын жаңылоо, асфальт-бетон заводдорун, битум сактоочу жайларды модернизациялоо, кызматкерлердин айлык акысын жогорулатуу маселелери бар. Республикалык бюджеттен кошумча каражат тартуу ар кандай процедураны, убакытты талап кылып жатат, мындан улам фондго түшкөн каражаттын 10% тармакты өнүктүрүүгө багыттоону мыйзам менен бекитүү сунушталууда», - деди министр.
Талкуу маалында депутат Алишер Козуев фондго канча каражат чогулганы жана ага канча чакырым жол курулганы тууралуу элге кеңири маалымат берүү керектигин белгиледи. Министр Талантбек Солтобаев 2025-жылы Жол фонду 12.6 млрд сомду түзүп, 1500 чакырым жолго асфальт төшөлгөнүн маалымдады.
Депутат Болотбек Борбиев, жол фондуна чогулган каражат боюнча суроосуна жооп берип жатып, министр Талантбек Солтобаев былтыр каражаттын 100% жол оңдоого сарпталганын, быйыл да каражаттын 90% жолдорду өнүктүрүүгө жумшаларын айтты.
Депутаттар Улукбек Карыбек уулу, Эдита Тайгараева, Сеид Атамбаев, Кубанычбек Самаков, Жылдыз Эгенбердиева, Алтынбек Кылычбаев, Махабат Мавлянова мыйзам долбоору боюнча тактоочу суроолорду берип, өздөрүнүн округдарындагы жолдорду асфальттоо, сапатка көңүл буруу, жолдорду сактоо жана тейлөө боюнча маселелерди көтөрдү.
