Топ–10. Статком Кыргызстандагы ишканалардын рейтингин жарыялады
2 октябрь

Топ–10. Статком Кыргызстандагы ишканалардын рейтингин жарыялады

Улуттук статистикалык комитет экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын рейтингин жарыялады. 

Ведомствонун расмий сайтында жарыяланган маалыматка таянсак, алдыңкы ондукка төмөнкү ишканалар кирген:

  1. "Кумтөр Голд Компани" ЖЧКсы,
  2. "Манас" эл аралык аэропорту,
  3. "Алтынкен" ишканасы,
  4. "Альянс Алтын" ишканасы,
  5. "Нур Телеком" уюлдук оператору,
  6. "КАЗ Минералс Бозымчак" ишканасы,
  7. "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы,
  8. "Кыргызалтын" ишканасы,
  9. "Кыргызмунайгаз" ишканасы, 
  10. "Альфа Телеком" ЖЧКсы.
  1. Рейтингде экономиканын реалдуу секторунун 29 миң 76 ишкананын маалыматтары колдонулду.

Жыйынтыкталган рейтинг 2023-жылдын маалыматтары боюнча беш көрсөткүч боюнча түзүлдү:

  1. Кызматкерлердин тизмелик саны;
  2. Продукциялардан, товарлардан, жумуштардан, кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча (жүгүртүү);
  3. Продукцияларды, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүүдөн түшкөн дүн киреше жана башка операциялык кирешелер (түшкөн акча + башка операциялык ишмердиктен киреше – сатылган товарлардын наркы);
  4. Операциялык ишмердиктен түшкөн пайда, чыгым;
  5. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык (пайдадан чыгаша кемитилет).