Криптовалюта менен операциялар үчүн 1 млн сомдук чек белгиленди
Сүрөт ачык булактардан алынды
13 октябрь

Криптовалюта менен операциялар үчүн 1 млн сомдук чек белгиленди

Кыргызстанда виртуалдык активдерди сатып алуу, сатуу, алмаштыруу жана которуу операциялары үчүн босого сумма 1 млн сом өлчөмүндө белгиленди.

Мындай ченемдер Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 29-сентябрындагы №655 токтомунда каралган.

Документте башка операциялар үчүн да босого суммалар белгиленген. Ага ылайык, эсептешүү эсеби аркылуу жүргүзүлгөн накталай эмес операциялар үчүн чек 2 млн сомду, ал эми накталай операциялар үчүн 1 млн сомду түзөт.

Банк картасына байланышкан эсепти накталай толуктоо же андан акча алуу үчүн бир операцияга же жети күн ичиндеги операциялардын жалпы суммасына карата 500 миң сомдук чек коюлган.

Электрондук капчыктар үчүн да ушундай эле босого сумма — 500 миң сом белгиленди.

Ал эми акча которуу системалары аркылуу жүргүзүлгөн операциялар үчүн босого сумма 1 млн сомду түзөт.