Кыргызстанда жазгы талаа жумуштары активдүү уланууда,
17 апрель

Кыргызстанда жазгы талаа жумуштары активдүү уланууда,

Учурда республиканын Баткен, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жазгы талаачылык жумуштары активдүү уланууда, деп кабарлайт Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жалпы 193,3 миң га жерде айдап-себүү иштери жүргүзүлдү.

Анын ичинен:

Буудай – 52,3 миң га себилип, жалпы пландын 50,8 % түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,9 миң га көп себилди. Айрыкча Чүй облусунда буудай себүү иштеринин 92,6 % аткарылды.

Арпа – 102,0 миң га себилип, структурага ылайык жалпы пландын 42,3 % түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4 миң га көбүрөөк себилди. Белгилей кетсек, 2025-жылы жаздык арпа себүү 241,3 миң га аянтта жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

Жүгөрү – Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарында себүү иштери жүрүп, учурда 18,8 миң га аянтка себилип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 миң га көбүрөөк.

Картошка – республика боюнча 7,6 миң га аянтка отургузулуп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6 миң га көбүрөөк отургузулду. Айта кетсек, 2025-жылы картошканы отургузуу жумуштары 66,4 миң га аянтта пландаштырылган.

Жашылча-бакча өсүмдүктөрүн айдоо жумуштары отчеттук мезгилге карата 10,5 миң га түзүп отурат.